Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдүн айланасына темир жол салынат - транспорт министри

Ысык-Көлдүн айланасына темир жол салынат – транспорт министри

Ысык-Көлдө көлдү айланып өтүүчү темир жол куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу уланып жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев «Ачык кабинет» медиадолбоорунун жүрүшүндө билдирди.

Министрдин айтымында, учурда аталган темир жолду куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. 2026-жылы долбоорду ишке ашыруунун негизги механизмдерин аныктоо мерчемделүүдө.

«Темир жолду куруу бир нече этап менен жүргүзүлөт. Алгач Балыкчы – Чолпон-Ата багытындагы тилке курулат. Кийинки баскычта Чолпон-Атадан Караколго чейинки темир жолду салуу каралууда», — деди ал.

Маалыматка ылайык, долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусундагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аймактын туристтик потенциалын жогорулатат. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар