Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемеси менен Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду.
Ошондой эле мамлекет башчысынын дагы бир тескемесине ылайык, Алтынбек Рысбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде кабыл алынганы белгиленди.
Белгилей кетсек, Алтынбек Рысбеков буга чейин энергетика тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Ал эми жаңы дайындоо өлкөнүн энергетика тармагындагы ишмердүүлүктү мындан ары өркүндөтүүгө багытталганы айтылууда.



