Канаданын белгилүү маалыматтык-аналитикалык компаниясы BCA Research 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгын атайын статистикалык ыкма аркылуу болжолдуу маалымат жарыялады. Аналиктердин эсебинде, эсептик баллга караганда турнирдин азырынча башкы фаворити болуп Франция саналат.

Компаниянын эки баскычтуу модели мурдагы беш дүйнө чемпионатынын маалыматтарын, оюнчулардын деңгээлин, чабуулдагы көрсөткүчтөрдү, командалардын тажрыйбасын жана башка факторлорду эске алган. Белгилей кетсек, BCA Research 2018-жылы Франциянын чемпион болорун, ал эми 2022-жылы Аргентинанын жеңишин так болжолдой алган.
Болжол боюнча Франция жарым финалда Испанияны жеңип, финалда Португалия менен беттешет. Ал эми Португалия өз кезегинде Англияны жеңип, финалга чыгат. Финалдык оюнда Франциянын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору деп бааланууда.
Эксперттер Франциянын күчтүү курамын негизги артыкчылык катары белгилешүүдө. Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча, француз курамасынын жалпы баасы 1,4 миллиард евродон ашып, турнирдеги эң кымбат команда болуп эсептелет. Команданын лидери Килиан Мбаппенин өзү эле 200 миллион еврого бааланат.

Иликтөөдө ошондой эле Португалиянын мүмкүнчүлүгүн дагы башка аналитиктерге салыштырмалуу жогору баалап жатат. Компаниянын эсебинде португалиялыктардын чемпион болуу мүмкүнчүлүгү 16,4 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч башка болжолдоо платформаларындагы баалоодон кыйла жогору.
Ошол эле учурда дүйнө чемпионатын өткөрүп жаткан АКШ, Канада жана Мексиканын мүмкүнчүлүктөрү да үйдөгү артыкчылыктын эсебинен жогорулашы мүмкүн экени белгиленди.
Дүйнөлүк футбол сүйүүчүлөр чыдамсыздык менен күткөн 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июнда Мехико шаарында старт алып, 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.




