Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарындагы ОРАБӨСОМдун базасында жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери арасында өтүп жаткан «Ден соолук» шаардык спартакиадасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышып, бардык командаларды шаардык этапка жолдомо алышы менен куттуктады. Ал белгилегендей, райондук баскычта мыкты жыйынтык көрсөткөн командалар эми шаардык деңгээлде күч сынашат. Спартакиаданын жыйынтыгында Бишкек шаарынын курама командасы түзүлүп, Ысык-Көл облусунда өтө турган республикалык этапта борбор калаанын намысын коргойт.
«Ден соолук» спартакиадасы 2-июндан 14-июнга чейин өткөрүлүүдө. Шаардык баскычка райондук мелдештерде биринчи жана экинчи орундарды багындырган командалар катышууда.
Катышуучулар шахмат, тогуз коргоол, ордо, стритбол, эркектер жана аялдар арасындагы волейбол, кичи футбол, ошондой эле стол тенниси боюнча мелдештерде күч сынашууда.
Ар бир спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланат.
Спартакиаданын негизги максаты – билим берүү тармагындагы кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту өнүктүрүү жана педагогдордун дене тарбия даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.
Ачылыш аземинин алкагында дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 12 спорт инструктору жана дене тарбия мугалими Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Ардак грамоталары менен сыйланды. Ошондой эле Эрлан Атабаевге «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы ыйгарылды.
Белгилей кетсек, спартакиаданын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болуп саналат.



