Башкы беткеПрезидентКыргызстан БУУнун климаттык форумунда тоолуу аймактардын кызыкчылыгын коргоду

Кыргызстан БУУнун климаттык форумунда тоолуу аймактардын кызыкчылыгын коргоду

 

Германиянын Бонн шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын көмөкчү органдарынын 64-сессиясынын алкагында Кыргызстан тоолуу аймактарды климаттык саясатка интеграциялоо боюнча өзүнүн тажрыйбасын эл аралык коомчулукка сунуштады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча өткөн атайын диалогго катышып, өлкөнүн климаттык стратегияларында тоо күн тартибин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдары (УДАС 3.0), Улуттук адаптациялык планы (УАП) жана биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук доклады (ЭАД) тааныштырылды. Бул документтерде тоолуу аймактардагы климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин азайтуу, жаратылыш ресурстарын сактоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу багыттар камтылган.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан үчүн тоолуу аймактар климаттык саясаттын өзөгүн түзөт. Өлкө аймагынын басымдуу бөлүгү тоолордон тургандыктан, климаттын өзгөрүшү биринчи кезекте мөңгүлөрдүн эришине, суу ресурстарынын азайышына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна жана табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө.

Жаңыланган УДАС 3.0 документинде климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, токойлорду коргоо жана экосистемаларды сактоо боюнча милдеттер белгиленген. Ал эми Улуттук адаптациялык план өлкөнүн климаттык тобокелдиктерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө жана бул багыттагы инвестицияларды тартууга багытталган.

Ошондой эле биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук доклады климаттык саясаттын натыйжалуулугун баалоого, эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөөгө жана өлкөнүн каржылык, технологиялык муктаждыктарын аныктоого жардам берери белгиленди.

Форумдун алкагында Кыргызстан тоолуу мамлекеттердин көйгөйлөрүн дүйнөлүк климаттык күн тартибинде көтөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи. Өлкө климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тоолуу аймактардын кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп келет.

Мындан тышкары, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) «Climate Promise» демилгесинин алкагында Кыргызстанга климаттык саясатты өркүндөтүү, ачык-айкындуулук системасын өнүктүрүү жана климаттык милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча колдоо көрсөтүлүп жатканы маалымдалды.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар