Франциянын Эвиан шаарында «Чоң жетиликке» (G7) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыл сайын өтүүчү саммити өз ишин баштады. Үч күнгө созула турган жыйында дүйнөлүк коопсуздук, экономика жана эл аралык саясаттагы актуалдуу маселелер талкууланат.
Саммиттин негизги темаларынын бири АКШ менен Ирандын ортосунда жакында жетишилген келишим жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал болууда. Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууда Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашууну кубаттап, Франция анын ишке ашырылышына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Макрон ошондой эле Франция жакынкы күндөрү Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүү үчүн «Шарль де Голль» авианосецин жана аскердик фрегаттарды жөнөтүүгө даяр экенин айтты.
Саммиттин күн тартибинде Украинадагы кырдаал, дүйнөлүк коопсуздук маселелери жана экономикадагы туруктуулукту камсыздоо боюнча темалар дагы бар. Мындан тышкары, лидерлер стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендерди жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо жана экономикалык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулашат.
G7 саммити дүйнөдөгү эң ири өнүккөн мамлекеттердин лидерлерин бириктирген маанилүү эл аралык аянтча болуп эсептелет.



