Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O суу-мотордук Формула-1 дүйнө чемпионатынын алдында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, мындай эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн экологиялык баалоо жүргүзүү милдеттүү талап эмес. Бирок коомчулуктун тынчсыздануусун эске алуу менен көз карандысыз адистер жана мамлекеттик органдар тарабынан кошумча экспертиза уюштурулган.
«Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары мелдешке чейин жана андан кийин да экологиялык абалга баа беришет. Ошондой эле ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар тарабынан чектөөлөр болушу мүмкүнбү деген маселеде “Ысык-Көл” биосфералык аймагы менен кат алыштык. Жыйынтыгында суудагы “Формула-1” жарышын өткөрүүгө уруксат берилери жана анын экологияга, ошондой эле көлдүн суусуна тийгизген таасири өтө эле аз болору тууралуу бардык керектүү жоопторду алдык», — деди Эдуард Кубатов.
Ал белгилегендей, бул мелдеш дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 1981-жылдан бери өткөрүлүп келет.



