Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда камсыздандыруу тарыхындагы эң ири төлөм жүргүзүлдү

Кыргызстанда камсыздандыруу тарыхындагы эң ири төлөм жүргүзүлдү

«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнө 253,9 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү. Бул Кыргызстандагы камсыздандыруу тарыхындагы эң ири компенсация катары катталды.

Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмү 2025-жылдын август айында Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткарып жаткан учурда кырсыкка кабылган Ми-8 тик учагына байланыштуу жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин начарлашынан улам тик учак мажбурлап конууга аргасыз болуп, олуттуу зыян тарткан. Окуянын натыйжасында экипаж мүчөлөрү жана куткаруучулар аман калган.

 

Белгилүү болгондой, аталган аба кемеси 2024-жылы «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» тарабынан камсыздандырылган.

Адистердин баамында, дээрлик 254 миллион сомдук төлөм камсыздандыруу системасынын натыйжалуу иштеп жатканын жана күтүүсүз чыгымдарды жабууда анын маанилүү ролун көрсөтөт. Төлөмдүн көлөмү болжол менен 3 миллион АКШ долларына барабар болуп, өлкөнүн камсыздандыруу рыногундагы эң ири камсыздандыруу окуяларынын бири болуп калды.

Бул төлөм мамлекеттик мүлктү камсыздандыруу механизмин өнүктүрүүгө багытталган реформалардын практикалык жыйынтыгы катары бааланууда. «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» мындан ары да мамлекеттик жана жеке сектордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантарын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар