Бүгүн, 16-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Ташкент шаарына барды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы “Хумо” эл аралык аэропортуна конду. Аны Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле, Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлөт жана бир катар объекттерге барат.



