Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Ташкентте Ислам цивилизациясы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Ташкентте Ислам цивилизациясы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясынын борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапар Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алдында уюштурулуп, ага Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары катышты. Делегацияларды Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов коштоп жүрдү.

Борбордо конокторго Борбор Азия элдеринин ислам илимине, маданиятына жана агартуусуна кошкон көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалар, тарыхый артефакттар жана баалуу экспонаттар көрсөтүлдү. Ошондой эле делегация Ыйык Куран залы менен да таанышты.

Ислам цивилизациясынын борбору Өзбекстандын исламга чейинки жана ислам доорундагы маданий мурасын, илим-билим тармагындагы жетишкендиктерин жана заманбап санариптик технологияларын камтыган ири илимий-билим берүү комплекси болуп саналат. Борбордун негизги максаты – аймактын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымын изилдөө, сактоо жана жайылтуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордун тарыхый мурастарды, руханий баалуулуктарды жана заманбап илимий изилдөөлөрдү бириктирген маанилүү маданий жана билим берүү мекемеси катары ролу белгиленди.

Сапардын соңунда Адылбек Касымалиев Ислам цивилизациясынын борборунун Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар