Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары президенттин креативдик секторду колдоого багытталган жарлыгына ылайык берилген салык жеңилдиктерин пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, жарлык интернет тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматты өндүрүү, жайгаштыруу жана таратуу кызматтарына — тексттик, графикалык, аудио жана видео материалдарга тиешелүү.
Шыкмаматов белгилегендей, бул категорияга журналисттер жана редакциялар да кирет, ошондуктан ЖМК өкүлдөрү да салыктык жеңилдиктерди алууга укуктуу.
Буга чейин маалымдалгандай, жеңилдиктер бирдиктүү салыкты төлөөдөн бошотуу түрүндө берилет. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн Парктарга — Жогорку технологиялар паркы же Креативдик индустриялар паркына резидент болуу талап кылынат.



