Бүгүн, 17-июнда Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу коноктун учагы Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто эки мамлекеттин мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий сүйлөшүүлөрү өтөт. Ошондой эле тараптардын маданий иш-чараларга катышуусу пландалууда.
Негизги максат — Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү.



