Башкы беткеДүйнөӨзбекстан Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы голун киргизди

Өзбекстан Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы голун киргизди

Өзбекстандын футбол тарыхында маанилүү окуя катталды. Өлкө тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, турнирдеги алгачкы голун да киргизүүгө жетишти.

Тарыхый голдун автору жарым коргоочу Аббосбек Файзуллаев болду. Ал Колумбияга каршы беттеште өзүнүн атын өлкөнүн футбол тарыхына алтын тамгалар менен жазды.

Бирок К тайпасындагы оюнда тажрыйбалуу Колумбия курама командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетип, турнирди ийгиликтүү баштады. Натыйжада колумбиялыктар тайпадагы лидерлик орунга көтөрүлдү.

Өзбекстан үчүн эми кийинки беттеш өзгөчө мааниге ээ болот. Команда 23-июнда Португалия менен күч сынашат. Португалия биринчи турда Конго Демократиялык Республикасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, маанилүү упай жоготкон. Ошондуктан алдыдагы оюнда эки команда тең жеңиш үчүн күрөшөт.

Жеңилүүгө карабастан, Өзбекстандын Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы голу өлкө күйөрмандары үчүн тарыхый жана кубанычтуу учур болуп калды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар