Башкы беткеМинистрлер кабинетиVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычта

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында алдыдагы эл аралык спорттук иш-чарага даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланып, уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана инфраструктуралык камсыздоо маселелери каралды. Ошондой эле оюндарды өткөрүүгө тартылган мамлекеттик органдардын жана жооптуу түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Улан Маматканов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери чечүүчү баскычка жеткенин белгилеп, бардык мекемелердин координацияланган жана ыкчам иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Алдыда турган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Биз дүйнөлүк деңгээлдеги бул ири иш-чараны эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө тийишпиз», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу мекемелерге даярдык иштерин ылдамдатуу, уюштуруу иштерин координациялоону күчөтүү жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин маданиятын, улуттук спорт түрлөрүн жана тарыхый мурастарын даңазалаган ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Кыргызстан бул оюндарды өткөрүү аркылуу өзүнүн маданий мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууну көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар