Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигиндеги кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясына болгон иш сапарынын алкагында бир катар ири өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кытайлык бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Сапардын жүрүшүндө делегация дүйнөгө белгилүү Shandong Heavy Industry Group, Sinotruk, Zhongtong, Shantui, Lovol Heavy Industry, Lovol Smart Agriculture, KENGIC Intelligent Technology Co., Ltd. жана Haier Biomedical компанияларында болуп, өндүрүш процесстери, заманбап технологиялар жана инновациялык чечимдер менен таанышты.
Жолугушууларда өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо жана жогорку технологиялар тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу жана технологиялык тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстан инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өндүрүш тармагында жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана медицина тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү макулдашылды.




