Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда тынчтык келишимине жетишилгенин кубаттайт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан сүйлөшүү процессине катышкан бардык тараптарга, анын ичинде ортомчулук аракеттерин жүргүзгөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет — Пакистанга ыраазычылык билдирет.
«Кыргыз Республикасы пикир келишпестиктерди Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү ырааттуу колдойт», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле расмий Бишкек тынчтык келишимине кол коюу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтырууга жана аймакта узак мөөнөттүү тынчтык менен коопсуздукту камсыздоого өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Кыргызстан эл аралык коомчулуктун тынчтыкты бекемдөө жана чыңалууну азайтуу багытындагы аракеттерин колдоону улантарын белгиледи.



