Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Эл аралык Ысык-Көл форуму дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү саясатчыларды, окумуштууларды, жазуучуларды, маданият ишмерлерин жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин бир аянтчага чогултту.
«Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге» деген темада өтүп жаткан форумга 17 мамлекеттен жана бир катар эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышууда. Алардын арасында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ), ЮНЕСКО, ТҮРКСОЙ, Эл аралык Түрк академиясы жана башка уюмдардын жетекчилери бар.
Форумдун ардактуу конокторунун катарында БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев жана Эл аралык Түрк академиясынын өкүлдөрү бар.
Иш-чарага ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаттары – кытайлык белгилүү жазуучу Мо Янь жана химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээси, түрк-америкалык окумуштуу Азиз Санжар катышууда.
Форумга Кытай, Россия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Улуу Британия, Италия, Испания, Индия, Венгрия, Марокко, Нидерланд, Румыния, Украина жана Тажикстандан келген көрүнүктүү өкүлдөр чогулду.
Коноктордун арасында дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана «Жибек жолу: дүйнөнүн жаңы тарыхы» аттуу эмгектин автору Питер Франкопан, Кытайдын мурдагы маданият министри Ван Мэн, Россиянын мамлекеттик ишмери жана жазуучу Владимир Мединский, өзбек режиссёру Али Хамраев, ошондой эле Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү белгилүү окумуштуулар менен маданият өкүлдөрү бар.
Форумдун алкагында глобалдык коопсуздук, цивилизациялар аралык диалог, маданият, адабият, билим берүү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланууда.
Белгилей кетсек, Эл аралык Ысык-Көл форуму 1986-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделип, дүйнөдөгү маданияттар менен цивилизациялардын диалогу үчүн түзүлгөн алгачкы эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.




