Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭмгек жана Ички иштер министрликтери коррупцияга каршы чогуу күрөшүүдө

Эмгек жана Ички иштер министрликтери коррупцияга каршы чогуу күрөшүүдө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу, ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны жана 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Семинарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү өткөрдү.

Анын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлерине коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, мамлекеттик кызматкерлер үчүн белгиленген чектөөлөр жана тыюу салуулар, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ишинде мыйзамдуулукту, ачыктыкты, айкындуулукту жана ак ниеттүүлүктү камсыз кылуу, кызматтык милдеттерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алып, коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Эмгек министрлиги коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук маданиятын жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу системасында мыйзамдуулук принциптерин бекемдөө боюнча иштерди мындан ары да улантарын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар