2027-жылдын октябрь айында дүйнөдөгү эң узак авиакаттам ишке киргизилет. Ал Австралиянын Сидней шаары менен Улуу Британиянын Лондон шаарын байланыштырат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Euronews басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады.
Каттамды австралиялык Qantas авиакомпаниясы аткарып, ал үчүн атайын жаңыланган Airbus A350-1000ULR учактары колдонулат.
Жаңы каттамдын узундугу 16 миң чакырымдан ашат, ал эми учуу убактысы аба ырайына жараша 19 сааттан 22 саатка чейин созулат.
Учурда дүйнөдөгү эң узак тынымсыз каттам Singapore Airlines авиакомпаниясы тарабынан Сингапур менен Нью-Йорктун ортосунда аткарылып, анын узундугу 15 349 чакырымды түзөт. Учуу убактысы 19 саатка жетпейт.
Белгилей кетсек, Qantas буга чейин да учкучтардын, экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн узак убакыттык учууга чыдамдуулугун изилдөө максатында эң узак коммерциялык тынымсыз сыноо каттамын жүргүзгөн.



