Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫңгайлуу, коопсуз жана жашыл: Бишкекте жаңы сквер курулат

Ыңгайлуу, коопсуз жана жашыл: Бишкекте жаңы сквер курулат

Бишкектин Ю. Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанына заманбап сквер курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомстводон белгилешкендей, скверди көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт.

“Сквердин аймагы эс алуу жайын, балдар ойноочу аянтчаларды, воркаут, амфитеатр, жөө жүрүү жана велосипед жолдорун, унаа токтотуучу аймакты камтыйт. Скверде эки түрдүү жарыктандыруу шаймандары, эки типтеги отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар каралган. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Долбоордун негизги максаты – шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү, ошондой эле аймактын архитектуралык-ландшафттык сапатын жогорулатуу.

Аймакта учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Кошумча түрдө жергиликтүү климатка ылайык келген жаңы бак-дарактардын жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 064 м² түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар