Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россия Федерациясынын Экспорттук борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетилген продукцияларын тышкы рынокторго илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл экспорттоочуларды колдоо механизмдерине, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого бурулду.
Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.



