Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандыктардын Францияда мыйзамдуу иштөөсү боюнча сүйлөшүү өттү

Кыргызстандыктардын Францияда мыйзамдуу иштөөсү боюнча сүйлөшүү өттү

Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефани менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана кыргызстандыктардын Францияда мыйзамдуу негизде ишке орношуусу үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар эмгек миграциясы жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, өзгөчө эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык расмий келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурушту.

Министрликтин белгилешинче, мындай келишим кыргыз жарандарынын Франциядагы эмгек укуктарын коргоого, алардын коопсуз жана мыйзамдуу шарттарда иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Франция эмгек миграциясы тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар