Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Британиянын элчиси Николас Боулерге Ардак грамота тапшырды

Адылбек Касымалиев Британиянын элчиси Николас Боулерге Ардак грамота тапшырды

Адылбек Касымалиев дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев элчинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү мезгилинде кыргыз-британ кызматташтыгынын кыйла жанданганын белгилеп, эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле МинКаб башчысы Николас Боулерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде элчи Кыргызстан жетекчилигине жана мамлекеттик органдарга кызматташтык жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-британ өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар