Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды

Ысык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда жаңы агрохимиялык лаборатория ишке киргизилди.

Жаңы лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын сапатын илимий негизде аныктоого шарт түзөт. Бул жерде топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттардын көлөмү, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен башка маанилүү көрсөткүчтөр талданат.

Адистердин айтымында, жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы фермерлерге жер семирткичтерди туура жана натыйжалуу колдонууга жардам берет. Мунун натыйжасында өндүрүштүк чыгымдар кыскарып, түшүмдүүлүк жогорулап, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлик лабораториянын ачылышы айыл чарба тармагын илимий негизде өнүктүрүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар