Кыргызстан Монголия менен жүндү кайра иштетүү жана айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишимин ишке ашырууга арналган семинарда билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, элчи өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жаңы багыттарына токтолду.
Перспективдүү багыттардын бири катары Монголиянын жүнүн жана кашемирин Кыргызстандагы ишканаларда кайра иштетип, даяр продукцияны Евразия экономикалык союзу өлкөлөрүнүн рыногуна экспорттоо сунушталды.
Ошондой эле кыргыз тарап Монголияга жашылча-жемиштерди, кургатылган мөмөлөрдү жана кондитердик азыктарды жеткирүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. Анын алкагында ветеринардык жана санитардык талаптар сакталган шартта Монголиянын эт азыктарын Кыргызстанга жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге экспорттоо маселеси каралды.
Адистердин баамында, мындай кызматташтык эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн көбөйтүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.



