Бишкек шаарындагы медреселердин биринде катталган массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 58 адамга жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 23ү ооруканага жаткырылып, калган бейтаптар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Дарыгерлердин айтымында, ооруканага түшкөндө бир бейтаптын абалы оор болуп, ал жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Учурда анын абалы жакшырып, кадимки палатага которулду.
Ошондой эле үч бейтап кечээ кечинде стационардан өз каалоосу менен чыгып кеткен. Азыркы тапта ооруканада 20 адам дарылануусун улантууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 41 миң сомду түзгөн үч административдик протокол түзүлгөнү маалым болду.
Мындан тышкары, аныкталган санитардык жана башка мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча көрсөтмө даярдалды.
Учурда тиешелүү кызматтар окуянын себептерин тактоо жана мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.



