Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен АКШ авиация тармагында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен АКШ авиация тармагында кызматташтыкты талкуулады

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

Негизги көңүл Кыргызстан менен АКШнын ортосунда “Ачык асман” жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу маселесине бурулду. Тараптар аба каттамдарын өнүктүрүүнүн келечегин жана авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушууда Boeing компаниясы менен өз ара аракеттенүү маселелери жана Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечеги каралды.

Ошондой эле тараптар АКШнын Транспорттук коопсуздук администрациясы (TSA) тарабынан жүргүзүлө турган аудитке даярдык көрүү маселелерин жана жүк ташуучу авиакомпаниялардын каттамдарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти улантуу маанилүүлүгү белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар