Башкы беткеМинистрлер кабинетиШамалды-Сайды таза суу менен камсыздоо маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

Шамалды-Сайды таза суу менен камсыздоо маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугуп, шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Ачык форматта өткөн жолугушууда калкты таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу тутумун жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды. Депутаттар шаардагы ичүүчү суу көйгөйү боюнча өз сунуштарын жана кайрылууларын билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлист Акунбеков жарандарды таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал бул маселени чечүү максатында тиешелүү органдарга конкреттүү тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда, Таза Суу департаменти тарабынан Шамалды-Сайды таза суу менен камсыздоо долбоору өзгөчө көзөмөлгө алынып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштерин тездетүү жана каржылоо булактарын аныктоо тапшырылды.

Мындан тышкары, жолугушууда шаардагы көпүрө куруу, социалдык объектилерди пайдаланууга берүү, жолдорду оңдоо жана инженердик-коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери дагы талкууланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, шаар тургундары үчүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырыла турганын белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар