Башкы беткеМаданиятАдабияттын арышы үзүлбөйт

Адабияттын арышы үзүлбөйт

                             

 Журналист, котормочу Асанбек Пазыл менен маек

Ооба, кыргыз адабиятынын келечеги кенен. Анын арышы, кадамы дагы зор чыгармалар менен уланат. Жаштардын арасында котормочу, акын-жазуучу, дегеле ушул тармактын даамын татып, жүгүн көтөргөн таланттуу чыгармачыл инсандар жок эмес. Ошондой чыгармачылыктын түйшүгүн көтөрүүгө ынтызаар котормочу, журналист Асанбек (Пазыл) Каракозуев менен маектешип, анын адабияттагы орду, котормо дүйнөсү, окурмандар менен мамилеси тууралуу ой-пикирлерин билдик.

Кыскача өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Мен Асанбек (Пазыл) Каракозуев. Журналистмин. Кээде котормочулук жана медиа тренерлик менен алектенип коем. Учурда “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору болуп иштеп жатам, Ош шаарында жашайм.
Журналистикадагы ишмердүүлүгүм – студенттик гезиттен башталып, кийин облустук, шаардык жана жеке менчик гезиттерде уланды. Андан сырткары, жергиликтүү жана эл аралык маалымат сайттарында, бир катар радио станциялар менен телеканалдарда иштедим. Аны менен катар көптөгөн жаш журналисттерди конвергенттик редакцияда универсалдуу журналист катары иштөөгө үйрөткөнгө салым коштум десем болот.
Котормочулук жаатында Эл аралык жаңылыктардан тартып, макала, аналитикаларды кыргыз тилине которуп келем. Мындан сырткары, ВВСнин “Жер планетасы” жана андагы жаратылыш кубулуштары тууралуу тарткан ондон ашык даректүү тасмаларын кыргызчалаганга катышып, аларга үн коштодум.
Түштүк Кореяда “Daewoo” корпорациясын негиздеп, дүйнөгө бизнесмен катары таанылган Ким У Жунгдун “Бул кең дүйнө жана андагы улуу иштер” аттуу китебин (200 бет) орус тилинен кыргызчага которуп, автордук укук алып миң тираж менен жарыяладым.
Акыркы котормо китебим – америкалык антрополог окумуштуу Жэк Уэзерфорддун “Чыңгызхан жана азыркы дүйнө түзүлүшү” аттуу китеби болду. Дээрлик 400 беттик китепти орус тилинен кыргызчаладым. Буга дагы кыргыз тилинде басып чыгаруу үчүн автордон расмий “автордук укук” алынды.

Котормого кантип аралашып калдыңыз же кайсы чыгарманы ушул чыгарма кыргыз окурмандарына керек экен деп шыктандырды?

Котормого аралашканымдын негизги эле себеби – кыргыз тилинен башка тилди билбегендик болду. Бул – кыргызчадан башканы билбей шаарга келген мендей айылдык жаштар башка билимдерди деле алсын деген ой эле. Жогорку билимдүү болмокчумун деп шаарга келгенден баштап эле мен билбеген башка тилдин курчоосунда калдым. Көчөдө баратсаң көрнөк жарнактын баары орус тилинде же латын арибинде. Ушуларды кыргызча эле жазышпайбы, муну туура которсо кандай болмок деп жүрүп, анын үстүнө журналистика тармагында иштеп калгандыктан, тил билүү өтө зарыл экен да, маалыматтарды которуп жүрүп, котормо иши хоббиге айланды.
Журналистика демекчи, журналистика – өзүнө сормодой тартып кетчү, тузу оор кесип экен. Тереңирээк бир кирип алган адам чыга албай калат тура. 20 жылдан бери ушул тармакта иштеп, күнүгө жаңылык жазып, күнүгө репортаж даярдап, бирок аның бир окулгандан же бир көрүлгөндөн кийин эле же ашып барса, журналитикалык иликтөөлөр (дээрлик көпчүлүгү) бир жума же бир айдан кийин эле актуалдуулугун жоготот. Анан бир күнү ойлондум, мен текст менен иштегенди билсем, жасаган эмгегим бир күндө же бир жума, ашып барса, макул, бир жыл деле окулсун. Андан ары эч кимге керексиз эле тексттер болуп калат экен, демек, утурумдук иштер менен алектенип жүргөн болуп калат турбаймынбы депчи. Анан эскирбей турган, канча заман өтсө да актуалдуулугун жоготпой турган эмгек – бул, маанилүүлүгү жогору болгон которулган иштер экен дедим. Дедим дагы, котормону хоббиме айландырдым. Ошол.
Сизди биз журналист катары да тааныйбыз, негизи эле котормодон сырткары адабияттын кайсы жанрына дагы кызыгасыз акындык, жазуучулук өнөрлөрүңүз барбы?
Акындык менен жазуучулук өнөрүм жок. Бирок проза жазууга кызыгып жүрөм. Чыгарма жазыш үчүн өзгөчө даярдык, билим, көп маалымат, анан жакшы, жакшы эле эмес, өзгөчө сценарий зарыл болсо керек. Бирок мындайды табыш өтө кыйын экен. Мен кандай сценарийдеги аңгеме жазсам болот экен деп, көптөн бери ойлоно берем, бирок таппайм. Анан ойлом, менде ага шыгым жок окшойт, калп эле аракет кылбай эле койсомбу деп.
Мен негизинен илимий-популярдуу чыгармалар жанрына көбүрөөк кызыгам.  Ошондуктан биринчи котормом кореялык ишкер Ким У Жунгдун “Бул кең дүйнө жана андагы улуу иштер” аттуу мамуары болду да.

Ошол китеп боюнча кыскача айтып берсеңиз?

Бул китеп мага көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Ал китеп жаштарга багытталган экен. Келечекке максат коюудан тартып, жашыңда кандай устат кезиктирсең, кийинки жашооң ошого жараша курулаарына чейин айтып, окууга, убакытка туура мамиле кылуу, дүйнөнүн башка бурчунда сен теңдүү жаштар тырышып окуп жатканын эстетип, эртең алардан артта калба деген мотивацияларды берет. Анан ишкерликти кандай жүргүзүш керек, жумушка болгон мамиле, акчаны туура пайдалануу сыяктуу реалдуу жол көрсөткөн кеңештери жазылган. Иштен адам өлбөсүн, ага акыры көнүп каларын, жыйынтыгы өнүгүү менен пайдага чыгаарын үйрөтөт. Автордун көп кеңештери эсимде калды. Алардын бири: “Башкалар 8ден 5ке чейин иштесе, биз таңкы 5тен кечки 8ге чейин иштейт элек”,-дегени мага катуу таасир этти. Анан да: “Акчаны эң зарыл учурда гана иштет”, “Пайда алып келе турган нерсеге миллиондогон каражатыңы да аяба”,-деген сөздөрү менин ипотекамдан кутултууга жардам берген.
Мен ойлойм, бул китеп анча-мынча китептерден алда канча таасирдүү деп. Муну кайра бастырсам деле болот эле, бирок каражат маселеси белге тээп атпайбы. Анын үстүнө акыркы котормому да чыгарыш керек дегендей.

 

Авторлор менен кантип иштешесиз, дегеле авторлордун өзүнөн уруксат алуу иштери кандай жүрөт?

Ушул нерсе оор процесс. Мен биринчи китебимди которуп бүткөндөн кийин гана уруксат алыш керек дегенди түшүнүп, “Daewoo” корпорациясын Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу издетип, акыры араң тапкамын. Бирок китептин автору Ким мырза каза болгон экен, анын мураскери менен сүйлөшүү бир жылга чейин созулуп кетти. Анткени китептин биринчи аталышы: “Бул бизнес кылууга чоң дүйнө” деп аталган эле, бирок алар: “Бул кең дүйнө жана андагы улуу иштер” өзгөргөн, ошону кой деп туруп алышты. Жыл айлана тирешип отуруп, акыры мен макул болдум. “Daewoo” деген сөз “Кең дүйнө” деген маани берет экен.
Ал эми экинчи китепте бир аз билип калдым дагы, которуп атканда эле авторун издей баштадым. Бирок Жэк мырзаны табуу оңойго турган жок. Ар кимден жардам суратып жүрүп, акыры дүйнө өлкөлөрүн бир шаардын кичинекей микрорайондоруна барып келгендей эле кыдырган Кеңешбек Сайназаров агам аркылуу таап, “Китеп.KG” басма үйүнүн атынан уруксат алдык. Азыр Жэк мырза менен кат алышып, сүйлөшүп турабыз. Бул котормо жакында жарык көрө баштаган “Ала-Тоо” журналына сандан санга жарыялана баштады.
Анан бул китеп казак тилине да которулуп, ал жарыкка чыкты. Эң кызыгы – ушул жылдын 22-майында Кыргызстанда жаңыдан кайра чыга баштаган “Ала-Тоо” журналынын бет ачаары Бишкек шаарында өтүп, анын “Чыңгызхан” эмгеги кыргыз тилинде жарыяланып атса, ага удаа Казакстанда ошол эле күнү же тактап айтканда, 22-майда, Алматада автор Жэк Уэзерфорд өзү катышып, казак тилиндеги китебинин бет ачаарын өткөрдү. Бул ушундай таң калыштуу дал келүүчүлүк болду. Бирок кыргызчасы китеп болуп чыга элек, чыгып калаар деп үмүт артып турам.

Бүгүнкү күндө окурмандардын табити кандай, дегеле китеп окууга жаштардын талабы кандай?

Бул суроо бүгүнкү күндүн эң талаштуу темаларынын бири. Бир караганда “жаштар китеп окубай калды” деген пикир күчтүүлүк кылат, бирок чыныгы көрүнүш андан бир аз татаалыраак болсо керек.
Аткени азыркы базар экономикасынын шартында китеп – биринчи керектөөчү товар эмес. Тамак-аш, транспорт, интернет, смарт телефон сыяктуу муктаждыктардан кийин гана китепке кезек келет. Ошондуктан айрыкча жаштар арасында “окууга убакыт жок”, “китеп кымбат”, же “маанилүү эмес” деген мамиле кездешет. Бул Кыргызстанга эле эмес, көп өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш.
Ошол эле учурда башкача бир парадокс бар: Кыргызстанда акыркы жылдары басма үйлөр көбөйүп, жаңы авторлор, котормолор, балдар адабияты активдешип жатат. Ушул жерде бир суроого бир жооп чыгат: “кимдир бирөөлөр китеп чыгарып атышат, демек окурмандар бар да”, – деген. Демек рынок толугу менен жоголгон жок, тескерисинче, тар сегментте болсо да жандуу жүрүп жатат. Бирок бул өсүш кеңири коомдук окурман маданияты бар дегенди билдирбейт — көбүнчө чакан, активдүү окурман катмарынын эсебинен болуп жатат.
Жаштардын табити да өзгөргөн. Мурда романдар, классика үстөм болсо, азыр кыска форматтагы контент, мотивациялык китептер, бизнес, психология, өзүн өнүктүрүү темалары көбүрөөк окулуп жатат. Ошондой эле аудиокитеп, подкаст, электрондук китептер салттуу китептин ордун жарым-жартылай басууда. Башкача айтканда, “окуу азайды” дегенден көрө “окуу формасы өзгөрдү” деп айткан туурараак болчудай.
Эми дүйнөлүк тажрыйбага көз чаптырсак, бул тенденция дээрлик бардык жерде бар. Мисалы, айрыкча Европа, АКШ, Түштүк Корея, Япония дагы изилдөөлөрдө жаштардын узун текст окуу адаты кыскарып, санарип форматтагы окуу көбөйгөнү айтылат. Скандинавия өлкөлөрүндө китеп окуу жогорку деңгээлде сакталганы менен, аларда да “терең окуу” менен “сканерлеп окуу” ортосундагы айырма чоңоюп барат.
Серепчилер бул көрүнүштү үч негизги фактор менен түшүндүрүп келишет: алардын биринчиси – маалыматтык технологиянын өсүшү дешет. Башкача айтканда, социалдык тармактардагы кыска видеолор мээнин “тез стимулга” көнүп калышына алып келип, узак текст окууну оорлотуп коет экен.
Экинчиси – билим алуунун формасынын өзгөрүшү. Бүгүн адамдар маалыматты китептен эмес, интернеттен, видеодон, курстардан алып жатышат. Бул “окуу жок болду” эмес, “билим булагы диверсификацияланды” дегенди билдирет дешүүдө.
Ал эми үчүнчүсү – социалдык-экономикалык фактор экен. Ал көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да, жаштар окууну көбүнчө прагматикалык көз караш менен карап: “бул мага эмне пайда берет?”, – деген суроону биринчи орунга чыгарууда дешет.
Ошол эле учурда серепчилер оптимисттик жыйынтык чыгарышат: китеп окуу өлгөн жок, болгону “элитардык жана аң-сезимдүү аудиторияга” көбүрөөк таянып калды. Башкача айтканда, мурда китеп жалпы массалык маданият болсо, азыр ал көбүрөөк тандалма маданиятка айланып баратыптыр. Мен буга кошулам.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда да, дүйнөдө да кырдаал бирдей: жаштар китепти азыраак “салттуу формада” окушат, бирок таптакыр окубай калды деген туура эмес. Китеп рыногу жашап жатат, болгону окурманды табуу мурдагыдан кыйыныраак болуп, сапат жана багыт маселеси биринчи планга чыгып калган.

“Ала-Тоо” адабий журналына чыккан чыгармаңыз жана азыркы жаш жазмакерлер үчүн бул журналдын кызматы канчалык деп ойлойсуз?

Ооба, мен которгон Жэк Уэзерфорддун Чыңгызхан тууралуу жазган китебинин кыргызча котормосу “Ала-Тоо” журналына чыга баштады. Бирок китеп болуп басылып чыга элек болгону менен алгач ушул журналга жарыяланганы – ийгиликтин чоң жышааны десем болот. Анткени, кезинде кыргыздын улуу акын жазуучуларынын чыгармаларынын тушоосу да мына ушул журналга жарыяланып кесилген эмеспи.
Китеп эмне тууралуу? Моңголиянын тарыхын 30 жылдан ашык изилдеген окумуштуу-антрополог жана көчмөн уруу элдеринин маданияты боюнча серепчи Жэк Уэзерфорддун бул эмгеги дүйнөлүк бестселлер болуп, бир канча жолу кайра-кайра басылган. Автор бардык белгилүү тарыхый булактарды изилдеп, Чыңгызхандын баскан жолу менен өз алдынча саякатка чыгып, адамдар дайыма сыйынган жана дүйнөнү өзгөрткөн ошол инсан тууралуу көптөгөн талаштуу маселелер боюнча уникалдуу материалдарды топтогон.
Ал 1997-жылы Чыңгызхандын урпактары ал тууралуу топтогон уламыштар менен тарыхтар камтылган “Моңголдордун жашыруун тарыхы” (“Монголын нууц товчоо”) изилдей баштайт. Алгач ага байланышкан бардык эпизоддорду, айрыкча Моңголияда, Кытайдын бардык аймагында жана Борбор Азияда болгон окуяларды карап чыгат. Ал тапкан ар бир мааламат кызыктуу болгондуктан, ушул китепти жазганга түрткү болуптур. Ошентип ал моңгол тарыхын, өзгөчө Чыңгызхандын дүйнөлүк тарыхка тийгизген таасирин изилдөөсү менен дүйнөгө таанылган.
А мен ал китептеги окуялар, көчмөндөрдүн жашоо образы биздин турмушубузга окшош болгондуктан жана андай турмушка табиятыбыздын жакындыгынан котордум окшойт. Эң негизгиси – автор бул китепти Чыңгызхан тууралуу мурда-кийин айтылган, айтылып жаткан аесуз айыптоолордон айырмаланып, ошол доорго жакын жашап өткөн жазма тарыхчыларга шилтеме берип, талаштуу ойлорду калыс калчап, жаңы фактлар менен жазган. Бул ушунусу менен өзгөчө жана баалуу. Колуңузга алып окусаңыз, андагы фактыларды көрүп, таң кылысыз деп ишенимдүү айта алам.
Эми сурооңуздун экинчи бөлүгүнө кайтсам, “Ала-Тоо” журналынын кайрадан чыга баштагандагы бет ачаар иш-чарасына атайын Оштон барып катышып атып, бир нерсени: муундардын айкашын көрдүм. Ошол жыйынга катышкандардын көпчүлүгү улуу муундун өкүлдөрү, азыркынын залкарлары болду. Алар көзү өткөн мурунку залкарларды арабызда жок деп өкүнө эскеришти. Бирок ал жерде жаш муундун да өкүлдөрү аз же дээрлик жок болчу.

Сөзүбүздүн акырында, ишиңизге ийгилик каалап, адабият дүйнөсүнө таштаган кадамыңыз байсалдуу болуусуна тилектеш экенибизди билдиребиз.

                                                                                                                                              Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз Туусу”

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар