Бүгүн, 23-июнда Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары курулуш тармагында жалпы баасы 1 млрд 43 млн сомдон ашык болгон 24 объект ишке киргизилген. Алардын катарында 7 мектеп, 3 спорт залы, 2 бала бакча, 5 административдик объект жана 7 өндүрүштүк ишкана бар. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, Өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.



