Башкы беткеКоомБаткендеги селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткендеги селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткен облусунда катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон селдин кесепеттерин жоюу жана калкка медициналык жардам көрсөтүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун маалыматына ылайык, мекеме жана анын курамындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору өзгөчө режимде иш алып барууда.

Селден жабыркаган аймактарда медициналык кароо жүргүзүү үчүн №1, №2 жана №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери тартылган. Учурда эки тез жардам бригадасы, эки дарыгер жана 10 медициналык кызматкер Баткен шаарындагы К.Турмаматов жана Дыйканов көчөлөрүндө, Келечек кварталында, ошондой эле Баткен районунун Кара-Бак айылында үйлөрдү кыдырып, тургундардын саламаттыгын текшерүүдө.

Мындан тышкары, дарыгерлер менен медайымдардан түзүлгөн мобилдик медициналык топтор жеринде иштеп, калкты кароодон өткөрүп жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сел кырсыгынан улам денесинен жаракат алган, көгөргөн же шок абалына түшкөн жарандар катталган жок.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана жабыркаган аймактардагы абалды көзөмөлдөө иштери уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар