23-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктап жаткан Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр Жээнбек Кулубаев акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы байланыштар активдешкенин белгилеп, 2024-жылы ишке ашкан жогорку деңгээлдеги сапарлар өнөктөштүктү жаңы баскычка көтөргөнүн айтты.
Ал Улуу Британиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысынын Кыргызстанга болгон сапарын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын Лондонго жасаган иш сапарын өзгөчө белгиледи.Тараптар ошондой эле 2026-жылдын февраль айында Лондондо өткөн Борбордук Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлеринин “С5+Улуу Британия” форматындагы биринчи жолугушуусунун жыйынтыктарына оң баа беришти. Алар бул формат аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Николас Боулер Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү, санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну күчөтүү жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев элчи Николас Боулерге кыргыз-британ мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.



