Башкы беткеМинистрлер кабинетиСентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт

Сентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт

Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган куттуктоосунда билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерге жумуштун татаалдыгы жана ишинин натыйжалуулугу үчүн төлөнүүчү үстөк акынын өлчөмү кызматтык айлыктын 50 пайызына чейин көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө кошумча кенемте төлөнүп турат.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 153 пайызга өстү.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасы аркылуу миңдеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун белгиледи.

Анын айтымында, эмгек акыны жогорулатуу жана социалдык колдоо чаралары мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун арттырууга, кызматкерлердин жашоо деңгээлин жакшыртууга жана квалификациялуу кадрларды мамлекеттик башкаруу системасында сактап калууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар