Башкы беткеДүйнөЕвропада аптаптуу ысык күчөдү: Францияда 18 адам каза болду

Европада аптаптуу ысык күчөдү: Францияда 18 адам каза болду

Европанын бир катар өлкөлөрүндө акыркы күндөрү  аба ырайы катуу ысып, ондогон кишилер набыт болду. Өзгөчө Франция, Испания, Португалия жана Германия мамлекеттеринде абанын температурасы рекорддук көрсөткүчтөргө жетти.

Дүйшөмбү күнү Испаниянын түштүгүндө абанын температурасы 45,1 градуска чейин көтөрүлдү. Франциянын борбордук бөлүгүндө 43,3 градус катталса, Португалиянын түндүгүндө аба 39,5 градуска чейин ысыды.

Маалыматтарга караганда, Францияда аптаптуу ысыктын кесепетинен кеминде 18 адам каза болгон. Алардын арасында эки жана төрт жаштагы балдар да бар. Балдар өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында унаанын ичинде калтырылып, ысыктан улам көз жумганы белгиленүүдө.

Ал эми Германияда өткөн дем алыш күндөрү сууга түшүү учурундагы кырсыктардан беш адам каза болгону кабарланды. Адистер бул окуяларды да ысык аба ырайы менен байланыштырып жатышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар