Садыр Жапаров 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун активи жана жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда саламаттыкты сактоо, ирригация, айыл чарба, жол инфраструктурасы, турак жай жана социалдык маселелер талкууланды.
Тургундар медициналык мекемелерди куруу, туризмди өнүктүрүү, фермерлерди колдоо, жеңилдетилген насыя жана техника менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле жер, пенсия жана соттук иштер боюнча кайрылуулар айтылды.
Президент Садыр Жапаров ирригация жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо уланып жатканын белгиледи.
Ал стратегиялык жолдор артыкчылыктуу бойдон каларын, андан кийин жергиликтүү жолдор ырааттуу түрдө оңдоло турганын айтты.
Ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, жеңилдетилген насыя берүү жана агрологистикалык борбор куруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жыйынтыгында мамлекет башчысы бардык кайрылуулар көзөмөлгө алынаарын белгиледи.



