Кун мурун, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абал, ошондой эле 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу социалдык-экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, өлкөнүн аймактарындагы негизги артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берди. Анын ичинде айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, туризм тармагын колдоо жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери өзгөчө белгиленди.
Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы орто мөөнөттүү кызматташтык боюнча жаңы стратегиялык документ даярдалып жатканын маалымдап, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн колдоо багытындагы кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызматташтыктын маанисин белгилеп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана практикалык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.



