Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен Португалия кош салыкты жоюу аракетинде

Кыргызстан менен Португалия кош салыкты жоюу аракетинде

Кыргызстан менен Португалиянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу тууралуу макулдашуунун долбоорун талкуулоодо. Бул демилге Кыргызстандын эл аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан саясатынын алкагында ишке ашырылууда.

Адистердин айтымында, аталган макулдашуунун түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Мындай макулдашуулардын негизги максаты — ишкерлерди жана инвесторлорду бир эле кирешеден эки жолу салык төлөөдөн коргоо, салык төлөөдөн мыйзамсыз качуу аракеттеринин алдын алуу жана мамлекеттер ортосундагы салыктык маалымат алмашууну жакшыртуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, министрлик жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен салык тармагындагы эл аралык-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүп келет.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар