Ар бир бала өз кадыр-баркы, өз укуктары жана өз келечеги бар инсан. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышы мүмкүн эмес, ал эми балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынып, мыйзам менен артыкчылыктуу корголот. Бул конституциялык принцип Баланын укуктары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясында жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде да бекемделген.
Бирок, мыйзамда жазылган теңдик турмушта өзүнөн өзү ишке аша бербейт. Балдарга карата басмырлоо көбүнчө билимсиздиктен, жалган түшүнүктөрдөн жана коомдогу терс стереотиптерден улам жаралат. Ушундан улам прокуратура органдары укук бузууларга мыйзамдуу таасир этүү менен коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну да маанилүү милдет катары карайт.
Балдарды басмырлоо жана анын кесепеттери
Басмырлоо (дискриминация, буллинг) деп баланы кандайдыр бир белгиси боюнча башкалардан кем санап, анын укуктарын чектөөнү, ага терс мамиле кылууну түшүнөбүз. Ал ачык түрдө (мисалы, баланы окуу жайга кабыл албай коюу) да, жашыруун түрдө (теңсиздикти жараткан шарттар, көңүл бурбоо) да болушу мүмкүн.
Басмырлоонун кесепеттери оор. Бала өзүнө болгон ишенимин жоготот, билим алуудан, ден соолугун чыңдоодон жана толук кандуу өнүгүүдөн четте калат, психологиялык жактан жабыркайт. Натыйжада коом өз жарандарынын мүмкүнчүлүгүн жана келечектеги салымын жоготот.
Ошондуктан коомчулукту маалымдоо — ар бир баланын тең укуктуу экенин, басмырлоо мыйзам бузуу болуп саналарын жана ал үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын түшүндүрүү — алдын алуунун эң натыйжалуу жолу болуп эсептелет.
Жыныстык белгиси жана майыптуулугу боюнча басмырлоого тыюу салуу
Айрыкча көңүл бурууну талап кылган эки чөйрө бар: баланын жынысы жана майыптуулугу боюнча басмырлоо. Бул багытта максаттуу иш-чараларды жүргүзүү коомдогу теңдикти бекемдөөнүн негизги шарты.
Жыныстык белгиси боюнча: кыз баланын жана уул баланын билим алууга, өнүгүүгө, коргоого болгон укугу бирдей. «Кыз балага окуунун кереги жок» же «айрым иштер кыздарга/уулдарга гана тиешелүү» деген сыяктуу эскилик көз караштар баланын мүмкүнчүлүгүн негизсиз чектейт. Конституция эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт; бул ченем балалык курактан тарта сакталууга тийиш.
Майыптуулугу боюнча: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар — коомдун толук кандуу мүчөлөрү. Алардын билим алууга (анын ичинде инклюзивдик билим берүүгө), реабилитацияга, кадыр-барктуу жана барабар мамилеге болгон укугу мыйзам менен корголгон. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы инклюзивдик билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү жана басмырлоонун кандай гана түрүнө болбосун жол бербөөнү милдеттендирет.
Бул багытта жүргүзүлүүчү иш-чаралардын катарына окуу жайларда жана жергиликтүү жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, ата-энелердин жана педагогдордун маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле басмырлоо фактыларына карата өз убагында мыйзамдуу чара көрүү кирет.
Жагымсыз абалда калган балдарга карата стигматизацияга каршы
Турмушта айрым балдар өздөрүнө байланышы жок жагдайлардан улам оор абалда калат: ата-энесинен ажыраган же камкордуксуз калган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккандар, мыйзам менен кагылышкан же зомбулуктун курмандыгы болгон жана ооруга чалдыккан балдар.
Мындай балдарга карата коомдо көп учурда стигматизация — башкача айтканда четке кагуу, кемсинтүү жана «башкалардан айырмаланат» деген терс таңуу — орун алат. Стигма баланын күнөөсү эмес, бирок ал баланы кайра-кайра жабыркатат: уялтат, коомдон обочолонтот жана анын кадыресе турмушка кайтуусуна тоскоол болот.
Прокуратура органдары мындай балдарды коргоо менен бирге, коомчулукка төмөнкү негизги ойду жеткирүүнү маанилүү деп эсептейт: оор абалда калган бала айыпталууга эмес, колдоого, түшүнүүгө жана камкордукка муктаж. Аларды басмырлабай, кайра коомго аралаштыруу — баланын да, бүткүл коомдун да кызыкчылыгында.
Прокуратура органдарынын ролу
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы — балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн негизги мамлекеттик органдардын бири. Бул чөйрөдө прокуратура төмөнкү иштерди жүзөгө ашырат:
- балдардын укуктарына байланыштуу мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана текшерүүлөрдү уюштурат;
- басмырлоо фактылары боюнча мыйзамдуу чара көрүп, бузулган укуктарды калыбына келтирет;
- мамлекеттик органдар, билим берүү жана социалдык коргоо мекемелери менен өз ара аракеттенет;
- коомчулуктун укуктук маалымдуулугун жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жана алдын-алуу иш-чараларды жүргүзөт.
Коомчулукка кайрылуу
Балдарды басмырлоого жана стигматизацияга каршы күрөш — жалаң гана мамлекеттик органдардын эмес, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жамааттын ортоктош милдети. Ар бирибиз төмөнкүлөр аркылуу салым кошо алабыз:
- баланы кандай гана абалда болбосун кемсинтпей, тең укуктуу инсан катары кабыл алуу;
- балдарга карата басмырлоо фактыларына кайдыгер карабоо;
- зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдарга жана прокуратурага кайрылуу.
Ар бир бала теңдикте, коопсуздукта жана сый-урматта чоңоюуга татыктуу. Бул максатка жетүү — баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жарандардын жана балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгы.



