Башкы беткеПрезидентӨлкө башчы нарындыктардын көйгөйүн укту

Өлкө башчы нарындыктардын көйгөйүн укту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушуп, аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Жолугушуу ачык форматта өтүп, жарандар саламаттыкты сактоо, таза ичүүчү суу менен камсыздоо, жайыттарды пайдалануу, социалдык колдоо, ошондой эле мамлекеттик жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорун беришти.

Тургундар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, адистердин жетишсиздиги жана текшерүүлөрдүн сапаты боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү. Президент өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, медициналык кызматтарды санариптештирүү аркылуу тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жакшыртуу максаты коюлганын айтты.

Ошондой эле жолугушууда айыл аймактарын өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана ишкердикти колдоо маселелери талкууланды. Тургундар жаңы бала бакчаларды куруу, токой чарбасын өнүктүрүү жана айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти.

Социалдык тармактагы маселелерге дагы өзгөчө көңүл бурулду. Жарандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү, билим берүү мекемелерин логопеддер жана инклюзивдик билим берүү боюнча адистер менен камсыздоо боюнча маселелерди көтөрүштү. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул сунуштарды карап чыгып, чечимдерди даярдоону тапшырды.

Жолугушууда соттук иштерге, жер талаштарына жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу кайрылуулар да айтылды. Президент бардык кайрылуулар мыйзам чегинде калыс жана объективдүү каралышы керектигин белгилеп, тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, оор операцияларга жана органдарды трансплантациялоого муктаж болгон жарандарга медициналык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды. Садыр Жапаров мамлекет жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатканын билдирди.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү тууралуу сөз кылган Президент ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыя берүү боюнча мамлекеттик программалар иштеп жатканын эске салып, бул мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлдө болорун жана мамлекеттик органдар ар бир кайрылууну мыйзам талаптарына ылайык өз убагында кароого милдеттүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар