Башкы беткеПрезидентОрунбеков: “Президенттин тапшырмасы менен Зардалыга заманбап үйлөр курулууда”

Орунбеков: “Президенттин тапшырмасы менен Зардалыга заманбап үйлөр курулууда”

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алыскы Зардалы айылынын жашоочулары үчүн заманбап үйлөр курулуп жатканын билдирди.

“Мурда бир өнөкөт бар эле. Жетүүгө алыс, адам саны аз аймактарга эч ким көңүл бурчу эмес. Анын себеби “шайлоочулары аз, эч кандай пайда деле жок” деген түшүнүк.

Ошол себептен шарты катаал, элинин саны аз аймактарга көңүл бурулбай, каралбай келген. Алардын бири – Зардалы айылы. Бул аймакка Президентибиз Садыр Жапаров көңүл буруп, өзү барып эли менен жолугуп келгенден кийин, жашоочулардын өтүнүчтөрү орундалып, ишке ашып баштады. Эзели жетпеген электр жарыгы берилди, мобилдик телефон байланышы менен бирге интернет туташтырылды. Аска-зоолуу кыялар менен унаа жолу курулду.

Мурда унаа барбагандыктан, элдер ылай жана таш менен курулган үйлөрдө жашачу. Албетте, андай үйлөрдүн шарты жок, эптеп эле баш калкалоого жарачу. Президентибиз эми элге заманбап үй куруп киргизгиле деп тапшырма берип, Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди жиберди. Буюрса, алдыда Зардалы айылына заманбап үйлөр тургузулуп, жашоочулары киргизилет”, – деди Дайырбек Орунбеков.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар