Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аттуу инвестициялык бизнес-форумунун ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Өз сөзүндө ал Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУдагы төрагалыгынын алкагында ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул багыттагы маанилүү иш-чаралардын бири катары Ысык-Көлдө өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу саналат. Ал эми төрагалыктын негизги окуясы катары ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити белгиленди.
Данияр Амангелдиев ШКУ бүгүнкү күндө 10 мамлекетти, 3,4 миллиарддан ашуун калкты, дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн болжол менен 30 триллион АКШ долларын жана дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүнүн 38 пайызын бириктирген ири эл аралык уюм экенин белгиледи.
Ал акыркы төрт жылда жүргүзүлгөн реформалардын жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн натыйжасында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык көбөйгөнүн айтты. Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы эң маанилүү стратегиялык долбоорлордун бири экенин баса белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдой турганын билдирип, санариптик соода, жашыл энергетика, логистика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай кооперациясы жана саламаттыкты сактоо тармактарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Форумдун катышуучуларына өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди. Анын айтымында, акыркы беш жылда Кыргызстандын орточо жылдык экономикалык өсүшү 10 пайызга жакындап, 2025-жылы ички дүң өнүмдүн өсүшү 11 пайызды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында экономика 12,2 пайызга өскөн.
Ошондой эле Данияр Амангелдиев өлкөдө маалыматтык технологиялар тармагы тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы он жыл ичинде IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйүп, 2025-жылы тармактын кирешеси 195,4 миллион АКШ долларына жеткен.
Сөзүнүн жүрүшүндө ал Кыргызстан тоо экосистемаларын коргоо боюнча дүйнөлүк демилгелерди активдүү колдой турганын айтып, ШКУ өлкөлөрүн 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитине жана быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда уюштурула турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жыйынтыгында Данияр Амангелдиев Кыргызстан узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр, ишенимдүү жана ачык өнөктөш бойдон каларын белгилеп, ШКУ мамлекеттерин экономикалык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип пайдаланууга чакырды.



