Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп жатканын жана тартыштык Камбар-Ата ГЭС-1 курулуп бүткөндөн кийин гана толук жоюларын билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө учурда 44–50гө жакын чакан ГЭС иштеп жатат, дагы ушунча объект курулууда. Жакынкы күндөрү Ак-Талаа районунда жана Казарманда дагы бир чакан ГЭСтин пайдубалы түптөлөт. Президент ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы сугат иштерине байланыштуу экенин айтып, “сууну сатып жиберишти” деген маалыматтарды четке какты.
Садыр Жапаров бийликке келген учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3 миллиард киловатт-саат болсо, азыр экономика өсүп жаткандыктан бул көрсөткүч 4 миллиард киловатт-саатка жеткенин белгиледи.
“Тартыштыктан толук чыгуу үчүн Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун бүтүрүү зарыл. Бул үчүн дагы 7–8 жыл убакыт керек”, — деди мамлекет башчысы.



