Венесуэлaда катталган эки күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 32 адам каза болуп, 700дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алды.
Өлкөнүн убактылуу президенти Делси Родригес билдиргендей, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө чаралар көрүлүүдө.
Өлкөнүн түндүк-батышындагы Фалкон штатында кеминде 32 адам ооруканага жаткырылганын губернатор Виктор Кларк маалымдады. Анын айтымында, урандылардын алдында дагы 15 адам калып, куткаруучулар аларды издөө иштерин улантып жатышат.
Бүгүн Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 магнитудага жеткен эки жер титирөө катталды. Жер алдындагы силкинүүлөр өлкөнүн борбору Карагас шаарында, ошондой эле коңшу Колумбиянын аймагында да сезилген.
Табигый кырсыктын кесепетинен бир нече имарат кыйрап, инфраструктура олуттуу жабыркады. Анын ичинде Каракас шаарындагы аэропорт да зыян тартып, убактылуу жабылган.
Кырдаалга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.



