Башкы беткеМинистрлер кабинетиСокулуктагы "Эко Куш" чарбасында тоок өндүрүшүн кеңейтүү пландалууда

Сокулуктагы “Эко Куш” чарбасында тоок өндүрүшүн кеңейтүү пландалууда

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Сокулук районунда жайгашкан «Эко Куш» куш чарбасына барып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Бул ишкана 2023-жылдан бери бройлер тоокторун өстүрүү менен алектенет. Өткөн жылы 40 миң балапан алып келинсе, бүгүнкү күндө чарбадагы тооктун саны 100 миңге жакындаган. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко туруктуу жеткирилип, ата мекендик тоок эти менен камсыздоого салым кошуп келет.

Мониторинг учурунда ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жогору экени белгиленип, толук кубаттуулукта ишке киргизүү үчүн 400 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция талап кылынары айтылды. Бул бардык өндүрүш корпустарын ишке киргизүүгө жана толук өндүрүш циклин түзүүгө шарт түзөт.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, негизги максат — ички өндүрүштү кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу.

Учурда өлкө боюнча куш чарбаларынын абалы талданып, алардын өндүрүшүн жогорулатуу жана көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштар иштелип чыгууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар