Үрүмчү шаарында жумуш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, инвестиция, өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуулардын алкагында Эрлист Акунбеков дүйнөдөгү мунай жана газ тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон Sinopec корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Хоу Цицзюнь менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Кыргызстанда мунай жана газ тармагында, ошондой эле кайра жаралуучу энергия багытында биргелешкен өндүрүш жана кайра иштетүү ишканаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, министр CIECC Planning and Design Research Co., Ltd., Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. жана Shaanxi Construction New Energy Co., Ltd. компанияларынын өкүлдөрү менен Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоорун талкуулады.
Кытай тарап Кыргызстанда карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрө турган заманбап ишкана куруу сунушун киргизди.
Жолугушууда аталган долбоор өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, дыйкандарды сапаттуу минералдык жер семирткичтер менен камсыздоого жана Кыргызстандын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошору белгиленди.



