Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Ак-Талаанын тургундары менен жолугушту

Садыр Жапаров Ак-Талаанын тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана алдыдагы ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы беш жылда Ак-Талаа районунда өнөр жай тармагы олуттуу өсүшкө жетишкен. Эгер 2021-жылы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,8 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 205,1 млн сомго жетип, 4,3 эсеге көбөйгөн.

Президент жол тармагындагы иштерге да токтолуп, акыркы беш жыл ичинде райондо 42,8 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн, ал эми быйыл жыл соңуна чейин дагы 21,3 чакырым жол асфальтталарын билдирди. Бул максатта районго беш даана атайын жол куруу техникасы берилген.

«Нарын – Баетов жана Баетов – Кош-Дөбө унаа жолдору жакынкы бир-эки жылдын ичинде толугу менен бүткөрүлөт», — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров учурда Ак-Талаада райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, прокуратуранын, аскер комиссариатынын, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имараттары жана Ак-Тилек жаңы конушундагы 240 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Үгүт, Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылдарына жаңы мектептерди, бир катар айылдарга бала бакчаларды куруу зарылдыгы белгиленип, акыркы жылдары үч мектеп жана эки бала бакча пайдаланууга берилсе, учурда дагы үч бала бакча менен эки мектептин курулушу улантылып жатканы айтылды.

Президент саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, акыркы беш жылда Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна алты унаа, анын ичинде эки тез жардам автоунаасы жана заманбап медициналык жабдуулар берилгенин билдирди.

Мындан тышкары, райондо өткөн жылы Баетов айылында «Табигый эт» мал союучу ишканасы жана Кара-Бүргөн айыл аймагында «Ак-Булак» сүт ишканасы ишке берилген. Ал эми Жаңы-Талап айылындагы Куртка дарыясына курулуп жаткан кичи ГЭСти ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, анын ишке ашырылышы Ак-Талаа районунун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

Андан соң жолугушуу тургундардын суроолоруна жооп берүү форматында уланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар