Үрүмчү шаарында өткөн «Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү – Евразиянын жаңы энергиясы» аталышындагы «Кытай–Евразия» IX ЭКСПОсунун расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.
Иш-чаранын алдында кыргыз делегациясы көргөзмөгө коюлган мамлекеттердин жана компаниялардын өндүрүш продукциялары менен таанышып чыкты. Андан соң Эрлист Акунбеков Казакстан, Кытай, Пакистан өлкөлөрүнүн жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана дүйнөлүк ири компаниялар катышкан ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кыргызстан үчүн «Кытай–Евразия» ЭКСПОсу Кытай жана Евразия өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп калганын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары транспорт тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө токтолуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда иштеп жаткан үч өткөрмө бекет аймактык сооданын өнүгүшүндө маанилүү роль ойной турганын айтты. Ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу тарыхый долбоор экенин белгилеп, ал жаңы Жибек жолунун негизги транспорттук багыттарынын бири болорун баса белгиледи.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кытай Кыргызстандын башкы соода жана инвестициялык өнөктөшү бойдон калып жатканын айткан Эрлист Акунбеков өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 27 миллиард долларга жеткенин маалымдады.
Мындан тышкары, Кыргызстан гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, ири инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу үчүн финансылык жана банктар аралык кызматташтыкты дагы тереңдетүү зарылдыгын билдирди.
Сөзүнүн соңунда Эрлист Акунбеков акыркы беш жылда Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө жетишкенин айтып, өлкөнүн экономикасы жылына орточо 10 пайызга өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы беш айында ички дүң продукциянын өсүшү 12,2 пайызды түзгөн.
«Улуу Жибек жолунун чок ортосунда жайгашкан Кыргызстан Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык өлкө бойдон калууда. Биз мындан ары да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, аймактагы өнөктөштүктү жана жалпы өнүгүүнү чыңдоого даярбыз», — деди Эрлист Акунбеков.



