Башкы беткеСаясатЖогорку Кеңеш жайкы тыныгууга чыкты

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгууга чыкты

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы тыныгууга тарашты.

Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгын чыгарып, депутаттар тарабынан аткарылган иштерге токтолду. Анын айтымында, сессиянын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Жогорку Кеңеш жалпы 145 мыйзам долбоорун кабыл алган. Алардын 94үнө президент кол койгон.

Депутаттар жайкы тыныгуудан кийин ишин сентябрь айында улантат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар