Башкы беткеМаданиятКытай тарап Ысык-Көл форуму эки өлкөнүн адабият тармагындагы кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөргөнүн...

Кытай тарап Ысык-Көл форуму эки өлкөнүн адабият тармагындагы кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөргөнүн жарыялады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Кеңешчилер башкармалыгынын расмий сайты Кыргызстанда өткөн VI Ысык-Көл эл аралык форуму тууралуу кеңири маалымат жарыялады.

Макалада 2026-жылдын 17–21-июнь күндөрү Кытайдын Борбордук адабият жана тарых изилдөө институтунун улук мүчөсү, белгилүү жазуучу жана Кытайдын мурдагы маданият министри Ваң Мың Кыргызстанга расмий сапар менен келип, форумга катышканы белгиленет. Делегациянын курамында Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик кеңештин Кеңешчилер башкармалыгынын, ошондой эле Борбордук адабият жана тарых изилдөө институтунун өкүлдөрү болгон.

Маалыматка ылайык, форумдун жалпы жыйынында Ваң Мың «Адабияттын руху» аттуу негизги баяндама жасап, андан кийин дүйнөгө белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян жана жазуучу Лю Ляңчың сөз сүйлөгөн.

Кытайлык делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Жяңпиң тосуп алышкан. Андан соң алар Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып, улуу жазуучунун чыгармачылык мурасы менен таанышышкан.

Сапардын алкагында кытайлык жазуучулар Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна барып, анын төрагасы Каныбек Иманалиев жана кыргыз адабиятынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн адабий жана маданий кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле Ваң Мың Кыргыз улуттук университетинде «Кытай адабиятынын миң жылдык салты» аттуу ачык лекция окуп, университеттин Ардактуу доктору наамына татыган.

Кытай тарап форумга катышуу эки мамлекеттин маданий жана гуманитардык алакаларын чыңдоого, адабият, котормо жана чыгармачылык жаатындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болгонун белгиледи.

Кытайдын расмий мамлекеттик сайтынын Ысык-Көл форумуна кеңири орун бериши иш-чаранын эл аралык кадыр-баркы жогорулап, Кыргызстан көтөрүп жаткан гуманитардык жана цивилизациялык диалог демилгелери дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар