Бишкекте «Балдардын укуктарын коргоодо ЖМКнын ролу: этика, коопсуздук жана кесипкөйлүк» аттуу эки күндүк окуу-тренинги башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен Президенттин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Секретариаты, Маалыматтык саясат кызматы жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.
Тренингге мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – балдарга байланыштуу темаларды чагылдырууда журналисттердин жана маалымат кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле эл аралык стандарттардын жана балдардын укуктарын коргоо принциптеринин талаптарын кеңири жайылтуу.
Тренингдин ачылышында сөз сүйлөгөн Асель Чынбаева балдар тууралуу маалыматтарды даярдоодо алардын кызыкчылыгын, коопсуздугун, купуялуулугун жана кадыр-баркын сактоо башкы орунда турушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал басма сөз кызматтары коомчулукка балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик саясатты туура жеткирүүдө, укуктук сабаттуулукту жогорулатууда жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын айтты. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар балдардын укуктарын чагылдыруунун укуктук, этикалык жана психологиялык аспектилерин, ошондой эле ЖМК менен мамлекеттик басма сөз кызматтарынын өз ара кызматташтыгын талкуулашат.
Тренингдин жыйынтыгында мамлекеттик органдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн балдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоого багытталган практикалык сунуштар иштелип чыгат.



